Menu

2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту

Бөлүшүү:

«2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Бул каражаттар төмөнкү максаттарга багытталган:

— 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар;

— 373 социалдык объекттер курулуп, оңдолгон.

— 170 километрден ашык жол оңдолгон;

— 96 ичүүчү суу түтүктөрү оңдолуп, курулган;

— 71 ирригация түтүктөрү жасалган;

— 8 сел тосмолору курулган;

— 691 кызмат көрсөтүү боюнча ишканалар ачылган;

— 4086 жакыр үй-бүлөлөргө жана үй-шарты оор жарандарга жардам көрсөтүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул тажрыйбанын жалпы республика аймагына жайылышын колдой турганын белгилеп, акыркы убакта мекендештер өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салып жатканын, кичи мекениндеги социалдык жана экномикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштаганын баса белгиледи.

«Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө. Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенем.Бул тажрыйба региондорду өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң колдоо — көмөк болууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мекендештерге аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги демилгелерди колдоп жаткандарына терең ыраазычылык билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүү иштери тийиштүү Жарлыгымдын алкагында быйыл экинчи жыл жүрүп жатат. Бул менин президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыт болот, бир-эки жыл менен чектелбейт», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле 2018-жылы республикада эмгек мигранттары жана мекендештердин колдоосунда 153 ар түрдүү фонддор — өнүктүрүү фонду, кайрымдуулук фонду жана башка ушул сыяктуу фонддор түзүлүп, аларда 2 млрдга жакын сом топтолгонун белгиледи.

«Мен фонддорду түзүү, иштетүү процессине жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн өзгөчө бургум келет. Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештерибиз менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл. Мен аймактарды кыдырып жатканда көрүп жатам, кайсы жердин акими, айыл өкмөтү ишке дилгир болсо, ал жерлерде фонддор түзүлүп, жамааттар мобилизация болуп жатат», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: