Бүгүн, 2-августта 24.kg порталы 31-июлда элге экс-президент “Курманбек Бакиев тууралу документалдуу фильмди көрсөткөн Nur TV жана New TV телеканалдары кимге таандык?” аттуу чакан иликтөөсүн жарыялады.
Анда иликтөөчүлөр КР Юстиция министрлигинин маалыматтарына таянып, “Nur TV телеканалы 2015-жылы декабрда Жалал-Абадда түзүлгөн, учредители Ташиев Казыбек Кыдыршааевич, директору Анарбаев Залкар Касымбекович деп катталган. Nur TV телеканалынын Оштогу бөлүмү 2018-жылы августта ААК ЖЧКсы деп катталып, учредителдери Ташиев Казыбек Кыдыршааевич жана Алтынбек кызы Айсулуу, директору Анарбаев Залкар Касымбекович деп катталган”, – деп жарыялашты.
Кызыгы, Nur TVга учредитель болуп жаткан Алтынбек кызы Айсулуу Алмаз Атамбаевдин жеке менчик “7-канал” телеканалынын гендиректору Алтынбек Жумаевдин карачечекей кызы болсо, Nur TV телеканалынын директору деп катталган Анарбаев Залкар Касымбекович бул кызматы менен эле катар “7-канал” телеканалынын гендиректору Алтынбек Жумаевдин орун басары болуп иштейт экен. Ошондо Nur TVнын лөктөрүнүн баары Алмаз Атамбаевдин адамдары болуп чыгууда.
Жараланган аюудай ызаланып турган Алмаз Атамбаев өзүнө африрленген адамдары (Алтынбек Жумаев, Алтынбек кызы Айсулуу жана Залкар Анарбаевдер) аркылуу Nur TV телеканалынан экс-президент Курманбек Бакиев тууралу даректүү фильм көрсөтүүнү тымызын уюштуруп, анан “мына Сооронбай Жээнбеков Бакиевди реаблитация кылып жатат” деп кыйкырып чыкканы алдын-ала пландаштырган кутум эмеспи?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ