Menu

Видео – Алмаз Атамбаев: “Мен сезип турам, келечекте менин үйүм Кой-Таш элдик республикасынын музейи болуп калат”

Бөлүшүү:

“Сапар Исаковдун болгон дүнүйөсүн санаса, болгону 26 миң эле доллар экен. Мен Сапарды билем да, ага дайыма айтчумун: “балам, акча керек болгондо мага айт, мен берем” деп. Дайыма мен берип турчумун, ал таза бала”, – деп билдирди бүгүн, 4-августта Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы өзүнүн үйүнүн алдында тарапкерлери менен жолугушуп жатып.
“Сооронбайдын кудасынын бир жаш баласынын машинасы эле 110 миң доллар турат экен. Сапар Исаковдун бүт мүлкүнөн төрт эсе көп. Кудай бар бирок, бүт чындык чыгат. Менин күнөөм жок, ошондуктан эч жакка качпайм… Таластыктар Мээрбек Мискенбаев баш болуп, мени биринчи күндөн бери коргоп жатышат… Элге ыракмат, эл колуган келишинче жардам берип жатат, бирөөсү букасын, бирөөсү жылкысын жетелеп келип жатат. Кээ бирөөлөр тыйын-тыпырын да алып келип жатышат. Мен деле эң аягында, мындан эки ай мурун кичүү уулумдун квартирасын саткам чындыгында, акча керек болуп, анан кээ бирөөлөр жашынып тыйынын берип жатат. Кээ бирөөлөр мороженое алып келип берип жатат. Нан жасап келип жатат. Койлорду биринчи күндөн баштап жетелеп келишүүдө. Мен болгону бир кой сойдум да уятыман. Союлган койлордун экинчиси меники болчу. Биринчи күндөн баштап элге ыракмат, эл алып келип жатат. Кээ бирөөлөр өзүнүн атынан, коркоктору бирөөдөн берип жиберип жатышат, союп жегиле деп. Корксо да бергенине ыракмат. Мен башкарган 6 жыл аябай кыйын болду, бюджет жок, армия жок, свет жок, жол деген жок, эчтеке жок, билесиңер. Азыркыдай жыргал эмес. Момундай жакшы жолдор жок. Бишкекте 6 жылдын ичинде машиналар 6 эсе көбөйдү. Талас мен бийликке келгенче кандай болчу, мен келгенден кийин, 6 жылда ар бир үйдө бирден же экиден машина туруп калды. Фасолдун баасы 120 сомдон болчу, азыр эми ошондой болобу… Бул күндөр да өтөт, эмне дешкени менен Атамбаевдин салган жолдору калат. Таластагы театр болобу, Өтмөктүн жолу болобу, Таластын ички жолдору болобу баардыгы салынып калды да. Казактар чек араны жапканда биз Таластын суу сактагычын жапканда эки күндө баарын ачып бербеди беле. Азыр болсо жаздан бери чек арада биздин фуралар турушат кайра-кайра. Атамбаевдин кезинде мындайды жасатмак эмесмин. Өзгөчө жаз менен жайда. Тең ата сүйлөшүш керек. Азыр мен тууралу айткандарынын баары калп. Эптеп эле Атамбаевдин оозун жабыш керек да. Жанагы биздин башкармабыз ойлоп жатат, элдин баарын койдой кылып, каалагандай кылам, жүнүн кыркам, кекиртегин кесем деп. Андай болбойт, кыргыз эли башка эл. Кыргыз эли эч качан бирөөнүн алдында тизелеп туруп бербейт. Катуу адашып жатат… Жээнбековдун келгенине 2 жыл болуп калды. Мына, Кочкорлуктарга айтайын, Боомду да мен биринчи жасаткам. Боомдон чыккандан кийин Кочкорго бурулчу жолду да мен жасаткам. Жаман болдубу, таң калам да. Өздөрү бир туалет салсачы, уурдаганды гана билет. Миллиондорду, жүздөгөн миллион долларларды уурдап жатышат… Кудай мага акыркы 30 жылдан бери көп нерсе берген, мына айылдаштарым билет. 30 жыл мурун менчик фирма ачкам, ошондон бери колумда бар. Айылга жыл сайын ун дагы, эт дагы таратам, эми бүгүн айылдыктар айтып жатат “азыр эми биздин эле айылга таратса уят” деп. Бул жер Кой-Таш, менин айылым суунун ары жагында, мен ошол аркы өйүзгө үй салайын дегемин. Анан бул жакта бир айылдаш иним “ушул жерди сатып ал, үй салып баштап бүтпөй калдым” дегенинен алгам. Үч этаж болуп бүтпөй калган экен. Анан ызы-чуу чыккандан кийин катуу өкүнгөм, албай эле койбой депчи. Андан көрө ошол эле Турция. Россия же Дубайдан алсам болмок экен. Мынчалык сөз болмок эмес экен, же суунун аркы өйүзүнө салсам. Эми азыр бул үйүм да, тиги боз үй да жакшы кереги тийип жатат. Сезип турам бул үй келечекте Кой-Таш элдик республикасынын музейи болгону турат… Башка мамлекеттик чиновниктер өмүр бою 5 миң же 10 миң айлык алып иштешет, мен айрым жылдары 17 же 18 миллион доллардан иштеп тапчумун, 1,5 миллирад сом. 30 жылдан бери бизнесте жүрөм. Кээ жылдары андан да көп алчумун. Мына, Бишкектин так ортосунда заводдорумун 60-70 гектар жери бар болчу. Эми ошончо байлыгы бар адам ата-бабасынын жерине бир үй салып алса, мына бул жерге Атамбай бак дарак тиккен, мына өзүмдүн жериме үй салып алсам же 100 гектар жер алып, Кара-Кулжага салсам макул эле. Мен таң калам да буларга, эми кудайдан көрсүн. Эми ачык айтайын, башка аймактарга да штабдарды ачалы деп жатышат. Кочкорго ачылды. Кой десем болбой эмки жумадан баштап, башка райондорго да ачканы жатышат. Балдар ушундай чечимге келишти”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: