Menu

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Ысык-Көл» Эл аралык экономикалык форумунун алкагында суу ресурстары боюнча «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан жана Кореянын заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу келечеги талкууланды.

Муну менен катар компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Агенттик жана «К-water» компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол койгон соң, мындан аркы кызматташуу Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги аркылуу жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: