Menu

Боронов дагы кыял күттү…

Бөлүшүү:

Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинде алтын казып жаткан “Zhong Ji Міning” компаниясы мал кырылып жаткандыгы үчүн жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берет. Компаниянын өкүлдөрү «ишкананын позитивдүү имиджин түзүү максатында» мындай кадамга барышкан, бирок төлөмдүн өлчөмүн ачыкташкан жок. Нарын районунун акими болсо ооруп жаткан малды бекер дарылашаарын айтты. Ошентип бийлик элге тоокко жем чачкандай сооротуу амалын жүргүзүүдө. Демек, кытайлар менен бийлик -кен казуудагы зыянды, ууланган экологияны эптеп жымсалдап, элди тынчтандырууга өттү. Кен жабылсын деген жергиликтүү эл мындай алдооч баштыкка түшкөнү калды… Бийликтин минтип жандалбастап жатканына караганда, эмне болсун кенди иштетебиз деген максаты көрүнүп турат. Вице-премьер министр Кубатбек Боронов барып карапайым калкка ороңдоп, корсулдап жатканы башкача болчу. “Жооштон жоон чыгат” дегендей Боронов дагы кыял күтө баштады… “Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт” болуп…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: