ЖЭБди модернизациялоо боюнча Бишкектеги Свердлов райондук сотунда жеке ишкер Чыңгыз Чулуев энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев ТВЕАдан 10 миң долларга унаа алып, 23 миң 800 долларга сатканын маалым кылды. Машинаны башында ТВЕАнын башчысынын мурунку кеңешчиси Арлан Осмонжановго каттатып, кийин Айбек Калиевдин кишиси Чыңгыз Чулуевге каттатышкан.
Күбө ага Айбек Калиев унааны каттатууну сурангандыгын айткан. “Ал унааны арзаныраак алган. Абалы анча жакшы эмес болчу. Андан кийин биз аны 23,8 миң долларга сатканбыз. Сатыкка машинаны мен даярдагам, химиялык тазалоосуна жана жылтыратуусуна 100 доллар коротком” – деп айтты Чулуев. Ал эми А.Калиев машинаны сатыкка даярдоо үчүн Ч.Чулуевге 2000 доллар бергендигин билдирди.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ