Кыргызстан көз карандысыздык алып, өз алдынча мамлекет болгон 1991-жылдан бери экс-финансы министри Адылбек Касымалиевдин парламентке берген отчёту боюнча чет элдик донорлордон 10 млрд доллар акча келип түшкөн.
Анын ичинен 72% насыя иретинде келген – $7 млрд 200 млн. Ушул убакка чейин анын ичинен $3 млрд кайтарылган.
22% – $2 млрд 200 млн – грант иретинде бизге бекер жардам катары берилген.
Калган 6% – 600 млн $ боюнча так маалымат жок.
$2 млрд 700 млн (27%)- мамбюджетти колдоого кеткен.
$2 млрд 500 млн(25%) жолдорду оңдоп-түзөөгө сарпталган.
$2 млрд 100 млн ( 21%) – энергетика тармагын колдоого сарпталган.
$600 млн (6%) – айыл чарбасын колдоого жумшалган.
$ 2 млрд 100 миллиону кайда ысырапталганы боюнча так маалымат жок.
Экс-каржы министринин парламентке берген бул маалыматы кыргыз бийликтеринин мамлекеттик каржыны башкаруудагы толук компетентсиздигин көрсөтүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ