Menu

“Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат” же Айтмамат мырза чын эле электрикпи?

Бөлүшүү:

«Энергохолдинг» тармагына Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров деген бизнесмен келбеди беле? Бизнесмен дегенибиз депутаттыкка чейин аты-жыты белгисиз Айтмамат мырза айтылуу «алкомагнат» Шакинин (ред.Шаршенбек Абдыкеримов) пиво чыгарган «Топоз» фирмасын жетектечү. Анан эле 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышып жылдызы жанбадыбы. «Кара кыздын агынан эмес, багынан» демекчи бакандай депутат болуп чыга келди бажырайып. Жөн эле депутат болбой айыл-чарба комитетин да жетектеди. Анан 2-3 ай мурун «Энергохолдингге» жетекчи болуп барды. Барып эле «жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» деп шымаланып атыптыр. Мурун-кийин электр тармагында иштебеген, «кокту» кийип карагайдын башына чыкпаган, а түгүл канчадан бери «лампичке» алмаштырып көрө элек Айтмамат мырза кантип иштеп атты экен деп бизде жан жок. Чын, эй! Кадимкидей сарсанаабыз. Анан да мурун бир берене менен иштен кетти деп айтылып жүрчү Таалай Толубаевди «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна жетекчи кылып алып келди. Толубаев мырзага чалып: «Орун кут болсун, баягы айтылып жүргөн «шакмарыңыз» тазаланды беле?» деген собол салалы деп издеген аракетибизден майнап чыккан жок. Таппай койдук. Назаров мырза болсо жаңы тармакка барган телефон номерин дагы алмаштырып жибериптир, мурунку телефону өчүк. Суроолорубуз арбын эле. Таппаган соң гезит аркылуу деле берели суроону, окуп калса жооп берет чыгаар. Айтмамат мырза, Толубаевдин кызмат ордун канчага пулдадыңыз? Айтмакчы электр тармагын тескеген ар бир жетекчиге кысым кылып, кылдан кыйкым издеп бир нерсе үмүтөтүп атканыңыз чынбы? «Северэлектро» тармагынын жетекчисин алмаштырам деп капчыктуу киши издеп атканыңызды айтышууда. Буга кандай дейсиз? Деги эле электр тармагын мыкты билем деп айта аласызбы? Карагайдын башына чыгып свет кошо албаган Назаров кантип электр тармагын тескеп атат дегендерге кандай жооп айта аласыз? Суроолорубузга жооп берет деген ишеничтебиз…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: