Menu

Нур-Султанда көп балалуу энелер бийлик кысым көрсөтүп жатканын билдиришүүдө

Бөлүшүү:

5-августта отузга чукул көп балалуу эне Нур-Султан акимчилигине келип, турк-жай маселесин чечүүнү талап кылышты. Алар «Бакытты отбасы» программасынын шарттарына нааразы экенин билдиришип, калаа акими Алтай Көлгинов менен жолугушууну талап кылышты.

Чогулгандардын көбү киреше деңгээли бул программанын шарттарына туура келбей турганын айтышты. Көп балалуу энелердин бири бардык документти топтогонун, бирок белгисиз себептерден улам бийлик үй берүүдөн баш тартканын белгиледи.

Нааразылык акциясынын катышуучуларын акимдин орун басары Бактияр Макен ичкери алып кирип кетти, бирок чогулушка журналисттер киргизилген жок.

Ага чейин акимчиликке келген аялдардын бири күн мурун кечинде чогулуш тууралуу талкуу жүргөн соң, полиция жана акимчиликтин өкүлдөрү келип, эгер алар көчөдө чогулса, “көйгөй жараларын” эскертишкенин айтты. Нур-Султан полиция департаментинин башчысынын орун басары Бакитжан Малыбаев бул маалыматты четке какты.

Акимдин орун басары Бахтияр Макен көчөдө эч нерсе чечилбеси тууралуу сөз болгонун билдирип, бирок “эч ким эч кимди коркутпаганын” ырастады.

Казакстанда көп балалуу жана жалгыз бой энелер турак-жай маселесин чечүүнү талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. Мамлекеттик жеңилдетилген ипотекалык программанын шарттары алар үчүн жеткиликтүү эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: