Menu

Кыргызстандын Япониядыгы элчиси Мирлан Арстанбаев Осака префектурасынын Губернатору менен жолукту

Бөлүшүү:

2019-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Осака префектурасынын Губернатору Хирофуми Ёшимура менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи М.Арстанбаев Осака Япониянын эӊ ири экономикалык борборлорунун бири экендигин белгиледи. Андыктан Кыргыз Республикасы үчүн аны менен кызматташтыкты өнүкүрүү өзгөчө мааниге ээ, деди Элчи.

Губернатор Х.Ёшимура Осаканын кыргыз тарабы менен кызматташуусунун учурдагы абалына канаатануу билдирди. Ал, буга чейин Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен бир нече ирет байланыштар болгонун белгиледи. Тактап айтканда, 2018-жылдын октябрында биргелешкен аракеттер менен Соода жана инвестициялар боюнча семинар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө, уникалдуу көбүргөн ак бал сыяктуу, кыргыз товарлары көргөзмөгө коюлган. Мындан тышкары, Осакада, Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгүн ачууга кызыкдар болгон компаниялар да бар.

 Ошондой эле, Губернатор, былтыры ЭКСПО-2025 көргөзмөсүн өткөрүүчү жерди тандоо боюнча добуш берүү өткөнүн жана Осака шайлоонун жеӊүүчүсү болуп чыкканын эске салды. Ал, Кыргыз Республикасы да бул жеӊишке өзүнүн салымын кошконуна ишенимин билдирди.

 М.Арстанбаев, япон тарабы ЭКСПО-2025ти жогорку деӊгээлде өткөрөөрүн баса белгиледи. Бул иш-чарага чейин Осака тийиштүү инфратүзүмдү куруу боюнча көлөмдүү даярдык иштерин өткөрөт деген пикир билдирилди. Андыктан, тараптар бул иштерге Кыргызстандан эмгекчилерди тартуу багытында кызматташа алаары белгиленди.

Х.Ёшимура Элчи М.Артсанбаевдин демилгесин колдоорун билдирип, тараптар бул маселе боюнча жумушчу деӊгээлде сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты. Мындан тышкары, япон тарабы, Кыргыз Республикасын жергиликтүү калк жана корпорацияларга таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү улантуу маанилүү экендигин белгиледи.

Ушул эле күнү, Элчи М.Арстанбаевдин Осака префектурасынын Соода өнөр-жай палатасынын Төрагасы Хироши Озаки жана анын Президенти Цутому Мияги менен жолугушуусу өттү. Тараптар, эки тараптуу кызматташунун учурдагы абалын талкуулаган соӊ, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча бир катар сунуш алмашышып, бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жумушчу деӊгээлде улантууну макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: