Menu

Иранда былтыр 15 жашка толо элек миңдеген кыз турмушка чыккан

Бөлүшүү:

Өткөн жылы Ирандын Хамадан провинциясында эле 15 жашка чыга элек 40тан ашык өспүрүм кыз көз жарган. Бул тууралуу аймактагы жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Асади Хасанзода билдирди.

Анын айтымында, Хамадан провинциясындагы жалпы төрөттүн эки пайызы 15 жашка чыга элек кыздарга туура келет.

Иран 1992-жылы Адам укуктары тууралуу эл аралык конвенцияга кол койгон. Ага ылайык, өлкөдөгү 18 жашка толо элек жарандардын бардыгы бала болуп эсептелет.

Ирандын мыйзамдары боюнча эркектер 15, кыздар 13 жаштан тарта үй-бүлө кура алышат. Ошол эле маалда ата-энелердин макулдугу жана соттун тиешелүү чечими бар болсо, 13кө толо элек кыздар дагы турмушка чыкса болот.

Өткөн жылы Хамадан провинциясында 15 жашка чыга элек 1 500 кыздын турмушка чыкканы каттоого алынса, алардын 60ы ажырашып кетишкен. Мындан тышкары өлкөнүн Занжон провинциясында былтыр 14 жашка толо элек 1 400, Түндүк Хорасан аймагында 1054 кыз турмушка чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: