Орусиянын “Газпром-Кыргызстан” ишканасы Бишкекке курган орто мектепти өзү иштетет. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 31-июлда кезексиз сессияга чогулуп, бир добуштан колдоп беришти. Быйыл 1-сентябрда окуучуларды кабыл алчу мектеп 960 орунга ылайыкталган. Орундардын 20%ы Бишкектеги аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына бекер берилет. Ал эми 5% окууда, спортто жана чыгармачылыкта мыктылыгын көрсөтө алган окуучуларга тиет. Калган 75% окуучулар айына 22 миң сомдон төлөп окуйт. Ошентип мэриядан 3 жарым гектар жерди бекер алып мектеп куруп берүүгө милдеттүү болгон «Газпром» эми аны мэриянын мектепти каржылаганга чамасы жетпейт деген шылтоо менен кайра алып койду. Айрым депутаттар бул жерде кызылдай коррупция жыттанган кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бардыгын айтышууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ