Menu

Бүгүн Бакиев, эртең Атамбаев тууралуу айта албай калабызбы?

Бөлүшүү:

7-апрель төңкөрүшү менен бийликтен оодарылган Курманбек Бакиевдин 70 жылдык юбилейине карата даярдалган видеотасманы эфирден көрсөткөн “NEW TV” жана “NUR TV” аттуу телеканалдарга асылгандар көп болуп, УКМК эки телеканалга расмий эскертүү берди.

Атайын кызмат  “NEW TV” телеканалынын директору Нурланбек Шакиев менен  “NUR TV” телеканалынын директору Бекболот Келдибековду чакырып, чагымчылдык мүнөздөгү видеоматериалдарды таратууда этият болууну эскерткен.

Мен ушул эки каналдан көрсөтүлгөн видеотасманы бир эмес, 5 жолу кайра-кайра көрүп чыктым. Анда УКМК эскертүү бергендей чагымчыл мүнөздөгү элементте көргөнүм жок. Бакиевдин классташтары, санаалаштары бала кезин эскеришип, өз ой-пикирлерин айтышыптыр. Эмне, биздин мыйзам Бакиев тууралуу пикир айтканга тыюу салабы? Же, массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга Бакиевге арналган материалдар басылбасын, элге көрсөтүлбөсүн деген өзгөртүү киргизилгенби? Киргизилген болсо кайсыл жылы?

Атайын кызмат ушул видеоматериал үчүн эки телеканалдын жетекчилигин чакырып алып, эскертүү берүү менен өз функциясынан чыгып, сөз эркиндигине, демократиянын баалуулуктарына, маалымат каражаттарынын эркин иштешине  шек келтирди. Эң башкысы Конституцияга каршы иш кылды.

Ызы-чуу жаратты деген видеотасмада Бакиевдин саясатын тууралуу бир дагы сөз болгон эмес. Аны бир дагы адам актоого аракет кылбаган. Анан кантип коомчулукту дүрбөтө турган чагымчыл материал болуп саналат? Бакиевдин классташтары, санаалаштары өздөрүнүн таттуу балалык кездерин эскерсе, өз ойлорун айтса мыйзамсыз болуп калабы?

Урматтуу Орозбек Опумбаев мырза, сиз жетектеген кызмат эки телеканалга эскертүү берүү менен Кыргызстандагы сөз эркиндигине доо кетирди. Тезинен бул эскертүүнү жокко чыгарыңыз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  31-беренесине үңүлүп коюңуз. Анда:

1.Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.

2.Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3.Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4.Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.

деп жазылып турат. Бакиевдин классташтарынын пикирин, ой жүгүртүүсүн мажбурлоо менен жокко чыгарганга мыйзам жол бербейт. Видеотасмада этностук, расалык, диний, касташууга үндөгөн элемент бар деп кайсыл эксперт өз корутундусун чыгарып берди? Мен УКМКнын бул кадамын Кыргызстандагы сөз эркиндигин, маалымат эркиндигин “күм-жам” кылган, жарандын өз пикирин эркин айтуу укугун чектеген, чыныгы тоталитардык режимге багыт алган чечим катары баалайм. Мындайга коомчулук, айрыкча журналисттер жол бербешибиз керек. Бул биринчиси.

Экинчиси, Атамбаевди мактап-жактагандар бул видеоматериалды коомчулукка Кыргызстанды душман басып киргендей көрсөткүсү келгенинде болду. Атамбаев өзү дагы Кой-Таштан үн катып, “Бакиевди актоого жасалган аракет” деп кол алдындагыларды шыкактады.

“NEW TV” телеканалынын директору Нурланбек Шакиевди “Бакиевдин маалымат катчысы… Минскийге айдаш керек” деген чакырыктарды социалдык тармак аркылуу таратышты. Шакиев болгону Бакиевдин маалымат катчысы болуптур, силер мактап жаткан Атамбаев Бакиевдин министри, андан соң премьер-министри болбоду беле? “Бакиев алтын киши турбайбы” деп Атамбаевиңер мактап, 2007-жылы Бакиевдин колунан “Данакер” орденин алганын кайда катасыңар? Бакиев Германияда дарыланып жатканда, артынан ошол жакка чейин барып, ден-соолугун сураганы тууралуу Атамбаевдин өзүнөн сурап көрбөйсүңөрбү? Кокус, эртең эле Атамбаев 6 жыл Кыргызстанды тоногон коррупциялык топтун башында турганы далилденип камалса, силер ошол киши менен түрмөгө чогуу кетесиңерби?

Бүгүн Бакиевдин балалыгын бере албасак, эртең Атамбаевдин коррупциялык иштери ачыкталып калса, ал кишинин Арашанда алтын балалык кези тууралуу басма сөздө, телеберүүлөрдө материал берүү токтошу керекпи? Адамзаттын башына апаат алып келген Гитлер тууралуу эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин ар кандай материалдарды чыгарып жүрүшөт? Каддафини мактаган маалымат каражаттарына АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы эмне үчүн  эч кандай эскертүү бербейт? Себеби, аларда түшүнүк башка, адамдардын ой жүгүртүү, пикирин эркин айтуу укугу баарынан жогору турат.

Шакиев телеканалы аркылуу көрсөткөн видеотасмасы менен Бакиевди “Алтын киши экен… же апрель окуясына Бакиев күнөөлүү эмес” деп жар салган жок да. Шакиевдин телеканалы менен атаандаштыкты жаратам десеңер, маалымат айдыңындагы жол менен атаандашкыла. Жеке адамга асылууну четке каккыла…

Наралы Асанбаев, “Жаңы Ордо” гезитинин башкы редактору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: