Menu

Видео – Трамп жапырт адам өлтүргөндөргө карата өлүм жазасы киргизилерин билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп 5-августта өлкөдө жек көрүүдөн улам жапырт адам өлтүрүүгө баргандарга карата өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзам даярдала турганын билдирди. Жекшемби күнү Техас жана Огайо штатында куралдуу кол салуу болуп, 31 киши мерт болгон.

«Мен Юстиция министрлигине жек көрүүдөн улам кылмышка баргандар менен жапырт адам өлтүргөндөргө карата өлүм жазасы каралган мыйзам даярдоо тапшырмасын берем. Бул жаза чарасы чечкиндүү түрдө тез аранын ичинде ишке ашырылат», — деди Трамп.

Жакында эле Трамптын администрациясы АКШда федералдык деңгээлде өлүм жазасын калыбына келтирген. Бул чара Кошмо Штаттардын айрым штаттарында адам өлтүргөндөр менен террорчуларга карата колдонулат.

Трамп ошондой эле Техас жана Огайо штаттарындагы куралдуу кол салууга байланыштуу аза күтүү жарыялап, өлкөдө курал колдонуу тармагындагы мыйзамдарды катаалдатуу керектигин айтты.

Айрым ЖМКлар менен саясатчылар жекшембидеги окуяга Трамптын өзүн күнөөлөшкөн. Кол салууга шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш жасаардын алдында социалдык тармактарга расисттик көз караштагы «манифест» жарыялап, анда «кол салуу Техаска латын америкалыктардын басып кирүүсүнө жооп болорун» жазган.

Буга байланыштуу Трамп «АКШда жек көрүүгө орун жок экенин» айтып, «америкалыктар расизмди айыпташы керектигин» белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: