Menu

Түркмөнстан: бюджетте иштегендер коммуналдык кызмат акыларын төлөгөндөн кийин айлык алышат

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматта иштеген жарандар айлык алуу үчүн алгач электр энергиясы, газ жана суу үчүн карызы жок экендиги тууралуу маалымкат көрсөтүүгө мажбур болуп жатышат. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Лебап облусунда электр энергиясы, газ жана коммуналдык кызматтар үчүн карызы жок экенин ырастаган маалымкат көрсөтпөгөн бюджет кызматкерлерине июль жана август айларынын маянасы берилбей турганы айтылды», — деп билдирди басылманын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, ошол эле маалда талап кылынган маалымкаттарды алуу узак убакытты талап кылып, жашоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

«Маалымкаттарды алуу үчүн кеминде бир ай убакыт талап кылынат. Кезек күткөндөр өтө көп. Ошондуктан электр энергиясы үчүн акча төлөгөндөн тышкары тиешелүү кагаз алууга кошумча 50 манаттан (расмий курс боюнча 14 доллар) берүүгө туура келип жатат», — деп билдирди ал.

Буга чейин Түркмөнстандын башка аймактарында дагы жарандардан батир үчүн карызы жоктугу тууралуу маалымкаттар талап кылынып жатканы кабарланган. Анда айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай аракетин прокуратуранын талабы менен түшүндүрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: