Menu

Россиядан Кыргызстандын Ленин чокусун (7134 м.) багындырганы келген альпинист 6200 метр бийиктикте каза болду

Бөлүшүү:

27-июль күнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусун (7134 м.) багындырганы келген, 1974-жылы туулган И.И. аттуу Орусия Федерациясынын жараны өз максатына жетип, чокуну багындырган. Бирок, Ленин чокусунан альпинисттик базага түшүп келатып, акыркы жолу саат 18:40та аны тейлеп жаткан “Горы Азии” туристтик фирмасы менен рация аркылуу байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес.

4-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМден 10 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары “Ак-Сай-Тревел” туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылып, альпинисттер 6200м бийиктиктен маркумдун жансыз денесин табышып, 1-альплагерге (4400м) алып түшүшкөн.

Кечээ, 5-августта саат 09:00дө ӨКМдин куткаруучулары менен “Ак-Сай-Тревел” туристтик компаниясынан альпинисттери маркумдун жансыз денесин базалык лагерге (3800м) алып түшүшкөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: