Menu

Фото – Элчи Жээнбек Кулубаев Казакстандын Билим берүү жана илим министринин орун басары менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 5 август күнү  Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушунун жүрүшүндө кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-отурумунун (2019-жылдын 12-июлу, Бишкек ш.) Протоколунун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташтыкты активизациялоо  маселелер талкууланды.

Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари, өз кезегинде, Кыргыз Республикасы менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташууну интенсификациялоо үчүн казак тарабынын даяр экендигин билдирди, ошондой менен бирге Казакстан Республикасынын билим берүү стипендиялык программалар тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы келишим-укуктук базаны бекемдөө боюнча өз ара пикир алмашышты. Ушуга байланыштуу, 2016-жылдын 4-июлунан билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Өкмөттөрүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун алкагында 5-тен 10-го орун бөлүнгөн квоталарды көбөйтүү маселеси кароонусунун тездетүү үчүн кыргыз тарабы казак тарабына өтүнүчүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: