Menu

Казакстанда «коопсуздук сертификаттарын» орнотууга каршы соттук териштирүүлөр башталды

Бөлүшүү:

6-августта Алматынын Бостандык райондук сотунда адвокат Жангелды Сулеймановдун «коопсуздук сертификатын» орнотууну сунуштаган байланыш операторуна карата жазган доо арызы каралды.

Алгачкы угууларга Сулеймановдун өкүлү Станислав Лопатин катышты. Анда бул иште жоопкер катары көрсөтүлгөн «КаР-Тел» компаниясы (Beeline соода маркасы менен кызмат көрсөтөт) алардын башкы кеңсеси Нур-Султанда жайгашкандыктан, ишти баш калаага которууну өтүндү.

Доо арызда Сулейманов байланыш операторлорунун «коопсуздук сертификатын» орнотуу талабы мыйзамсыз экенин жазган. Өз кезегинде компания алар бекитилген эрежелерди аткарып жаткандыктан, жоопкер эмес экенин белгилеп, соттон доо арызды толук четке кагууну өтүндү.

Өлкөнүн дагы эки шаарында адвокаттар «коопсуздук сертификатына» байланыштуу сотторго доо арыздар менен кайрылышкан. 8-августта баш калаа Нур-Султанда юрист Ануарбек Скаковдун «КаР-Тел» операторуна жана Карагандада Антон Самохиндин Аltel операторуна карата жазган доо арыздары каралат.

Быйыл июлдан тарта Казакстандагы байланыш операторлор колдонуучуларга коопсуздук сертификаттарын орнотуу зарылдыгы жөнүндө СМС-билдирүүлөрдү жөнөтүп, болбосо онлайн-ресуртарга кирүүдө маселелер жаралышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат. Ал ортодо Нур-Султанда «коопсуздук сертификатын» орнотпогон колдонуучулар түрдүү интернет-ресурстарга кирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын айта башташты.

Сертификаттын расмий аталышы – QazNet Trust Network. Казак бийлиги ал кибер-чабуулдардан жана мыйзамсыз контенттен коргой турганын билдирип жатат. Бирок батыш изилдөөчүлөрү менен укук коргоочулар сертификат колдонуучуларды аңдуу жана кибер-цензура үчүн пайдаланыла турганын белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: