Menu

Нур-Султанда саясий туткундарды бошотууну талап кылган акция өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-августта бир нече киши Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нур-Султандагы өкүлчүлүгүн алдына чогулуп, казак укук коргоочулары тарабынан саясий туткун деп табылган камактагы адамдарды бошотууну талап кылышты.

Алар колдоруна соттолгон ондогон адамдын сүрөттөрүн жана «Саясий туткундарга боштондук» деп жазылган плакаттарды кармап 20 мүнөттөй турушту.

«Биз өлкөдө саясий негиздер менен мыйзамсыз кармалган адамдардын маселесин көтөрүп чыктык. Бийлик, жетекчилер, соттор, ИИМ кызматкерлери бизди укпай турганына көзүбүз жеткенден кийин БУУнун имаратына келүүнү чечтик. Биздин максат Казакстандагы бул көйгөйдү болушунча көбүрөөк батыш уюмдарына жеткирүү», — деди акция катышуучуларынын бири.

«Боштондук!» деп кыйкырган акция катышуучулары 10 жылдан бери абактан жаткан «Казатомпром» улуттук компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди, 2006-жылы Алматынын четиндеги Шанырак окуяларынан кийин кармалган Арон Атабекти, 2016-жылы жер реформасына каршы Атырау шаарында өткөн митингде кармалган жергиликтүү активист Макс Бокаевди, «терроризмди пропагандалоо» жана «кастыкты козутуу» иштери боюнча айыпталып жаткан Алмат Жумагулов менен Кенжебек Абишевди жана башка камактагы адамдарды бошотууну талап кылышты. Мындан тышкары чогулгандар чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан түзүлүп, кийин өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына тиешеси бар деген негиз менен кармалган ондогон активисттер, анын ичинде көп балалуу энелер Оксана Шевчук, Жазира Демеуова, Гүлзира Жаукеров, Серик Жахин, Гүлмира Халыкова жана Акмарал Керимбаева тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле алар Шинжаңдагы казактардын укугун коргогон «Атажурт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билашка карата куугунтук токтотулушу керектигин айтышты.

Акыркы апталарда Казакстанда саясий туткундарды колдогон бир нече тынч митингдер өттү. Алар кармоо жана катышуучуларды административдик жоопкерчиликке тартуу учурлары менен коштолду.

Казакстандык укук коргоочулар жыл сайын саясий негизде камалган адамдардын тизмесин түзүп келишет. Эл аралык уюмдар Казакстандын мамлекеттик органдары «кастыкты козутуу» беренесин кеңири чечмелеп, бийликке жакпаган адамдарды куугунтукка алуу үчүн пайдала турганын бир нече жолу билдиришкен. Расмий Нур-Султан өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.э

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: