Menu

Фото – АКШнын Юта өрөөнүнүн университетинин студенттери КР Жогорку сотунда болушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юта Өрөөнүнүн университетинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралу КР жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга аталган окуу жайдын Психология жана Социология Департаментинин профессору Линн Ингланд, университеттин Тарых жана Саясий  илимдер Департаментинин окутуучусу Бактыбек Абдрисаев жана окуу жайдын  студенттери катышышты.

Н. Асанова Кыргызстандын сот системасы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмасын айтып берди.  Сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар, Жогорку соттун структурасы жана сот тутумунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Юта штатынын студенттери Кыргызстанда сотторго болгон ишеним кандай болуп жатканын, элдин ишенимин арттыруу боюнча  жүргүзүп жаткан аракеттер, сот арачыларынын ролу туурасында кызыгып сурашты.

Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту студенттерди кабыл алып, бардык кызыктырган  суроолорго жооптор берилгендигин айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетүүчү жагдай, Юта Өрөөнүнүн Университети Юта штатындагы Орем шаарында жайгашкан. Аталган окуу жайда 40 миңге жакын  студент билим алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: