Menu

Видео – Кой-Ташта Алмаз Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-августта Кой-Ташта Алмаз Атамбаевди кармоо боюнча укук коргоо органдарынын атайын операциясы башталды. Бул тууралу Атамбаевдин соратниги, КСДПчы депутат Ирина Карамушкина социалдык тармактардан видеобилдирүү жасады.

Акыркы маалыматтар боюнча бүгүн кечинде Алмаз Атамбаев короого чыгып, коргоочулары менен жолугушуп жаткан учурда операция башталган. Атамбаевди жан сакчылары үйүнө алып кире качышкан.

Короого кирген “спецназ” Атамбаевдин коргоочуларын желим октор менен атып, ызы-чуулуу жарылгычтар менен коркутушкан.

Азыр “спецназ” Атамбаевдин үйүн курчап алып, аны колго түшүрүү үчүн аракет кылууда. Короонун ичиндеги коргоочулары спецназдын көзөмөлүндө тынчып олтуруп калышты. Ал эми анын короонун сыртындагы коргоочулары асфальт жолго таш төшөп, дарактарды жолго жыгып, жолду тосууга аракет кылып жатышат. Айрымдары дубалдан ашып түшүүнү сунуш кылуууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: