Бүгүн, 7-августтан 8-августка караган түнү Кой-Ташта өтүп жаткан УКМКнын Алмаз Атамбаевди колго түшүрүү операциясы учурунда Атамбаевдин тарапкерлери 2 “спецназга” ок атышкан. Алардын бирине ок жүрөгүнө жана өпкөсүнө тийип каза болгон. Бул тууралу Бишкектеги травматология клиникасынын директору Сабырбек Жумабеков тастыктады.
Ок жеген экинчи жоокерге операция жасалып, денесинен ок алынды жана таякталган 15тей жоокерге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ