Улуттук банк быйыл январдан май айына чейин Кыргызстандан жеке тараптар акча которуу системасы аркылуу 210 миллион доллар чыгарганын маалымдады.
Бул көрсөткүч сыртка чыгарылган каражатты анализдей баштагандан тарта, акыркы 14 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Буга чейинки рекорд 2018-жылы болуп, анда 196,2 миллион доллар болгон. Эң аз каражат 2005-жылы чыгарылып, анын көлөмү 8,2 миллион долларды түзгөн. Бирок сыртка акча чыгаруунун мындай тездик менен өсүп жатканын себептери так эмес жана мынча чоң көлөмдөгү акчаларды кимдер чыгарып жатканы да ачык айтылбайт. Албетте, бул жагы сыр. Бирок кимдер чыгарып жатканы түшүнүктүү. Алар эки топко бөлүнөт. Бир бөлүгү мамлекеттин эсебинен байыган коррупционерлер болсо, дагы бир бөлүгү өз эмгектери менен байыган ишкерлер.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ