Menu

Кремль: Путин Кыргызстандагы кырдаалга байкоо салууда

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча кабары бар. Ал өлкөдөгү соңку кырдаалга, окуянын өнүгүшүнө байкоо салып турат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме кылып «РИА Новости» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, «Путин Кыргызстандагы соңку маалыматтарды алып жатат жана окуянын өнүгүшүнө көз салып турат».

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Бир аз мурдараак ИИМ коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн кошумча күч тартылганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин 24-июлда Москвада жолуккан. Андан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин айткан.

Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кеткен. 25-июлда кайтып келген Атамабев азыркы бийлик менен биригүүгө кеч болуп калганын айткан

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: