Menu

Фото – Опера жана балет театрында оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-август күнү Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов А. Малдыбаев атындагы  Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Ондоп түзөө иштеринин жүрүшү менен театрдын директору Керимберди Турапов тааныштырды.

“Бүгүнкү күндө оңдоп түзөө иштери өз нугунда жүрүп жатат. Сапаттуу ремонт жүргүзүү эн маанилүү. Андыктан, болгон аракеттер жүргүзүлүп жатат”- деп билдирди.

Учурда театрда классикалык иш- чаралар өтүүчү  “Малахит залында”, артисттердин грим коюучу бөлмөлөрүндө жана  фойелеринде оңдоп-түзөө иштери жүрүп,  лифттер орнотулгандыгы  маалым болду.

Ремонт иштери менен таанышуу учурунда тиешелүү бардык иш- аракеттер талкууланып,  театр  өз эшигин Ч. Базарбаевдин юбилейине карата өтүүчү “Балет. Балет” фестивалынын алкагында ачылуусу болжолдонууда.

Эске салмак, быйыл 2019 – жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот. 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: