КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков уялбайт экен эй! Соцтармактардан улам эле карыган таенеси менен маектешкенин чыгарып, саясатты сүйлөтүмүш болуп, өзүнө жакпаган саясатчыларды «шыбатып», Атамбаевди «соктуруп», айтор, обу жоктугун токтотпос болду. Андан сырткары жеңил пиар менен алектенип, ажатканага баргандан башкасынан бери мактанып, катуу зериккенин көрсөтүүдө. Жакында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен сүрөткө түшүп, саясатта каршылашса да «досторчо» жүргөнүн ашкерелөөгө далалаттаныптыр. Эске салсак, Карыпбеков КТРКны жетектеп турганда Текебаевди жана «атамекенчилерди» жерден алып көргө чаап, ит талаган түлкүдөй эле ашмалтайын чыгарып, мазактап, баткак чачыратып калчу эмес беле? Эми болсо Шыкмаматов экөө кантип жакындашып калды? Көрсө, «жумгалдыкпыз» деген жердешчилдик оорусу бириктирип аткан турбайбы. «Окшошконго мушташкан» дегендей, экөөндө тең принцип жок тура. Аман эле жүргүлө…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ