Menu

Видео – Кой-Ташта таяк жеген жоокер: “Бизде желим ок ата турган помповый курал гана бар болчу, алардын ок атуучу куралдары бар экен”

Бөлүшүү:

“Алар таш менен ура башташканда биз резина октору менен түз атпай, асманга атып жаттык. Анан Атамбаевдин 3-этаж үйүнө барганыбызда, ал жактан, 3-этаждан бизди ок  атуучу куралдар менен ата башташты”, – деп билдирди бүгүн, 8-августта кечээ, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясына катышып, анын тарапкерлеринен таяк жеп ооруканага түшкөн “спецназдын” жоокери.

“Анан балдар жаракат алып, колдору үзүлүп, биринчилери ооруканага кетип жатышты. Элдер чогулуп, көбөйүп кетти. Сүйлөшүү болгон жок. Таштар менен ура башташты. Жанагы “коктейл Молотова” жасашып алышыптыр, ошолор менен уруп жатышты. Акырындык менен “сүйлөшөбүз, болду, болду” деп келишип, аягында сабашты. Арасында мастары бар, чоң-чоң эле байкелер бар, жаштары бар. Азыр абалым оор эле, чекем менен башымын артына таш тийип жарылган, тигилген. Колум сынган, бутум тигилген. Мээм чайкалып жатам. Алар биздин курал-жарак алып барбаганыбызды көрүп туруп эле аябай сабап салышты. Караңгы да кирип калган күүгүм болуп. Алар атышып жатышты, алар атса да элди ата албайт экенсин. Артка качтык. Кирип келишти, бизге арга жок болуп калды. Сабап-сабап, анан ошол жерде бир комнатага кармап олтурушту. Мени жарадар болгонум үчүн медиктер келип чыгарып кетишти, калган жоокерлерди алып калышты. Каза болгон зам.командирди (Усен Ниязбеков) ошол жердеги элдер “сүйлөшөбүз-сүйлөшөбүз” деп биринчи этажда алып калышкан. “Сүйлөшөбүз” деп алардан бир сакалчан, чоң киши лидери чыкты. Экөөсү сүйлөшүп жатканда үйдүн аркы капталынан таштар менен кире башташты. Анан биз экинчи этажга чыкканда алар биринчи этажда кухняда калышкан болчу. Андан кийин ал кишин көрө алган жокмун. Ооруканага келип, анан бул жактан анын каза болгонун угуп жатам. Биз үйдүн ичинде коргонуп жатканда сырттан ок атуучу куралдар менен атышып жатышты, биздин 3-4 баланын колдоруна, жамбаштарына ок тийди. Анан чачма ок менен атып жатышты. Алар куралдарды кайдан алып келишкенин мен билбейм. Биз резина ок ата турган помповый куралдар менен гана барганбыз. Башка курал-жарак алган эмес болчубуз”, – деди таяк жеген жоокер.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: