Menu

Сындан башы чыкпаган Жеңиш Разаковго элдин тагдырын тапшыруу өтө кооптуу

Бөлүшүү:

Күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маселе чечип жүргөнсүп, Кытай элчиси менен жолугушуу кылганын өкмөттөн жарыялашкан. Көп өтпөй Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча билдирүү таратышты. Анда кытайлык компаниянын кызматкерлерине олуттуу залал келгени, экономикалык жактан арбын жоготууларга учураганы, о.э. жаңжалды кылдат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жазага тартылышын талап кылышкан. Алардын версиясы боюнча чогулган жергиликтүүлөр компанияга мыйзамсыз түрдө кирип келишип, жумушчуларды ур-токмокко алышыптыр. Мындай шартта кытайлык ишкананын укугу корголушу керектигин, коопсуздук камсыздалышын жаңа жарат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүшүн баса белгилешет. Кыскасы, күнөөнү өкмөткө ачык эле оодаруу менен зыкылдатып койду го?! Ал эми Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталбаганы, малдын кырылганы, жергиликтүү тургундардын ооруганы эмнеге айтылбайт? Ооба, кандай гана жаңжал болбосун, эч убакта бир гана тарабынан кетпейт. Эки жакта тең кемчиликтер болот. Мына ошондой шартты дыкат талдап, Жеңиш Разаков да карапайым калктын таламын талашып, алгылыктуу сөз айтып чыктыбы? Кайдан?.. Бул эргул кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда да барып, аялдардын таландысында калып, «кулагын жапыра» качып кеткенин көргөнбүз да. Кайсы гана кызматты аркалабасын, Разаков «эт менен челдин» ортосунда жүргөндөй болуп, дайыма сын угуп, бир изгилигин көрсөтө элек го? Анан ушундай кадрдын колуна элдин тагдырын кантип берип атабыз? Өтө өкүнүчтүү!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: