Menu

Курман айттын эрежелерин эсиңизден чыгарбаңыз

Бөлүшүү:

Быйыл Курман айт 11-августта болот. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Адатта Курман айт, орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет. Орозо быйыл 5-июнда аяктаган. Курман айтты туура өткөрүүнүн төмөндөгүдөй жол-жоболорун билип алыңыз.

Айт намазына баргыла!

Бул күнү ар бир мусулман жуунуп-тазаланып, жакшы ниет менен майрамды тосуп алышы керек. Эркектер эртең менен айт намазына барып, эки рекет намаз окуп, андан соң майрамдашат.

Курмандык чалгыла!

Орозо айтка караганда Курман айт ири майрам болун эсептелет. Ал 30 күн белгиленет. Курман айтта колдон келсе курмандык чалып, мал союу шарт.

Колунда барлар – курмандык чалууга милдеттүү!

Исламда 612.350 грамм күмүшү (башкача айтканда 22045 сом) барлар, же ушул суммадагы товары же башка ашык кыймылдуу же кыймылсыз мүлкү бар адамдар — колунда бар, материалдык жактан камсыз болгондор деп эсептелет.

Курмандыкка кандай мал сойсо болот?

Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт. Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калат. Ошондой эле ооруган малды союуга болбойт.

Курмандыкка союлган малдын этин эмне кылуу керек?

Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, баардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлуп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-муктаждарга жана үчүнчү бөлүгун конок чакырып аларга бышырып берсе деле жакшы. Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Кечирим сурашып, тууган-уруктан кабар алгыла!

Бул күндөрү башка жумуштарды коё туруп жакындар менен айтташ керек. Көптөн бери кабар ала элек туугандардыкына барып ал-абалын сураса, колдон келсе белек тартууласа жакшы болот. Ошондой эле араздашып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдар болсо, Айт майрамда кечирим сураса сообу көбүрөөк тийет.

Жардам бергиле!

Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этинен беришип, таттуу-тарапа тараткан оң.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: