Урматтуу Кыргызстандыктар,
Кыргызстанда бийлик менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ортосундагы күч колдонуу менен коштолгон катаал тирешүү абалды курчутууда. Тилекке каршы бул тирешүүнүн айынан курмандыктар да болду. Бул окуялар колдон чыгып кетип, өлкөбүзгө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн!
“Республика” саясий партиясы президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдон жана экс-президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевден бул маселени тынчтык жана мыйзамдык жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырат. Кыргызстаныбызга жаңы курмандыктар эмес, тынчтык менен мыйзамдуулук керек!
Кыргызстаныбыздагы ушундай оор абалда “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Токтогулович Бабанов Бишкек шаарына учуп келүүнү чечти. Абалдын курчушун биргеликте токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз.
Биз Кыргызстаныбызды сактап калууга милдеттүүбүз!
Урматыбыз менен,
“Республика” саясий партиясы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ