Menu

Бишкектин айрым жерлеринде чогулгандар тарай элек

Бөлүшүү:

Бишкектин ар кайсыл жерлеринде башаламандыктар болуп жатканын социалдык тармак колдонуучулары жазууда. “Акипресс” агенттиги айрым жол кесилиштеринде “Коопсуз шаардын” көзөмөл камералары талкаланганын кабарлады.

9-августка караган түнү милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонгон. Чогулгандар Ак үйдүн жанына келе баштаган болчу. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экени айтылууда. Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Ички иштер министрлиги шаар толук көзөмөлдө экенин билдирди.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен. Кыргызстан социалдык демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: