Милиция кызматкерлери түнкү маалда коомдук тартиптипти бузуп, жолду жаап, бейбаштык кылып, Бишкек шаарында коомдук-саясий абалды турукташсыздырууга аракет кылышкан А. Атамбаевдин агрессивдүү маанайдагы тарапташтарын кууп таратышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери А. Атамбаевдин тарапташтарын таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан. Азыркы учурда Бишкек шаарында абалды турукташсыздырууга аракет кылышкан уюштуруучуларды тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте иштеп жатышат, коомдук тартипти жана шаардын жашоочулары менен конокторунун коопсуздугун сактоону камсыздашууда. Шаарда абал милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ