Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Никол Пашинян менен жылуу учурашып, аны кыргызстандыктар жакшы таанып, колдогон сыйлуу конок экенин белгиледи.

Ал Никол Пашиняндын бүгүнкү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын ишине ЕАЭБдин Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары катышуусу евразиялык аймактагы ийгиликтүү интеграцияга өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити экенин белгилеп, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бизде ЕАЭБдин жана эки тараптуу мамилелердин алкагында талкуулай турчу маселелерибиз көп. Бул жылы биздин товар айлантуубузда соода-экономикалык мамилелерибиздин абдан кичине базасына карабастан өсүүнүн болушу байкалууда. Эки өлкөнүн өнүгүүсүнүн максатында товар айлантуунун өсүшү үчүн потенциал бар. ЕАЭБдин бизге берип жаткан мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен колдонушубуз керек. Биздин жалпы кызыкчылыктарыбыз абдан көп. Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы конструктивдүү кызматташууну улантышыбыз керек», — деп ба са белгиледи Армениянын Премьер-министри.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян ошондой эле ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, ВСП+ статусунун артыкчылыктары, Евросоюз менен кызматташуу, санариптештирүү тамрагында тажрыйба алмашуу, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: