Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта караганын аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 2-бөлүк) беренелери боюнча шектелүүдө.
Сот Атамбаевдин бөгөт чарасы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу фактысына байланыштуу тандалганын кошумчалады.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ