Бүгүн, 9-августта бозгунда жүргөн “Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов Москвадан Кыргызстанга учуп келди.
“Манас” аэропортунан Өмүрбек Бабановду жакын туугандары, тарапкерлери жана журналисттер тосуп алышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 8-августта УКМК билдирүү таратып, “эгер Өмурбек Бабанов кайтып келсе кылмыш жоопкерчилигине тартылат” деп эскерткен. Бирок бүгүн аэропортто укук коргоо органдарынын өкүлдөрү байкалган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ