Menu

ИИМ: Ички иштер органдары коомдук тартипти, жарандардын жана шаардын конокторунун коопсуздугун камсыздоодо

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-августта кечки жана түнкү маалда Бишкек шаары менен Чүй облусунун көчөлөрүндө агрессивдүү маанайдагы жарандар абалды турукташсыздырууга аракеттенүү максатын көздөп, бейбаштык иш-аракеттерди уюштуруп, укук-коргоо органдарына каршылык көрсөтүшкөн.

Милиция кызматкерлери түнкү маалда коомдук тартипти бузуп, жолду жаап, жарандарга жана ЖМКнын өкүлдөрүнө тийише баштаган А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кууп таратышты. Бейбаштыкты жана мародерчулукту алдын алуу максатында агрессивдүү топту кетирүү үчүн атайын каражаттар колдонулду. Шаардагы соода- түйүн жана башка обьектерге кирүү жана тоноого, мародерчулукка жол берилген жок.

Түн ичинде 7-апрель жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аппараттык программалык комплексти, анын ичинде видео көзөмөл тутумун талкалап салышкан. Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн жана Бөкөн6аев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги видео көзөмөл тутуму талкаланган. Камералар бейбаштык иш- аракеттерин каттап алган. Видео көзөмөл аркылуу катышуучулардын өздүгү такталмакчы.

Милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында коомдук тартип менен жарандардын коопсуздугу камсыздалып жатты. Бирок, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, баш аламандык учурунда агрессивдүү маанайдагы жарандар коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм –турум эрежелерин одоно бузуп, Кой-Таш айылында токтоп турган автоунаалардын терезелерин талкалап, ызуу-чуу салып, андан соң Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй аймактык милиция бөлүмчөсүн өрттөп жиберишкен.

Азыркы убакта жарандардын талкаланган жана өрттөнгөн автоунаалардын саны, келтирилген материалдык чыгымдардын суммасы, Беш-Күңгөй милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн имаратына келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Окуя болгон жерде Аламүдүн РИИБдин ыкчам –тергөө тобу иш алып барууда. Ички иштер органдары тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абалды турукташсыздырууга аракет кылышкан уюштуруучуларды тактоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда милиция күнүмдүк тартипте иштөөдө жана коомдук тартипти, жарандар менен шаардын конокторунун коопсуздугун камсыздашууда.

Абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: