Бүгүн, 9-августтун кечинде Бишкектеги Алмаз Атамбаевдин “Форум” ишканасын укук коргоо органдарынын атайын даярдыктагы жоокерлери камакка алды. Бул тууралу Атамбаевдин бул имаратта жайгашкан “Апрель ТВ” телеканалынын директору Дмитрий Ложников журналисттерге билдирди.
Дмитрий Ложниковдун айтымында, укук коргоо органдары “Апрель ТВ” телеканалынын жана бул жерде ижарада турган ишканалардын кызматкерлерин эч жакка чыгарбай да, киргизбей да жатат.
Дмитрий Ложников укук коргоо органдарынын мындан аркы аракеттери тууралу эч нерсе билбестигин жана азыр Атамбаевдин мүлкүн толук камакка алуу тууралу сөз жүрүп жаткандыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ