Бүгүн, 9-августтун кечинде Алмаз Атамбаевдин “Форум” жеке менчик ишканасы камакка алынды. Укук коргоо органдарынын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн 20дай жоокерлери келип, ишкананын имаратын көзөмөлгө алып, эч кимди киргизбей да чыгарбай да жатышат. Бул тууралу Алмаз Атамбаевдин жеке менчик “Апрель ТВ” телеканалынын директору Дмитрий Ложников билдирди.
“Укук коргоо органдары мындан ары эмне кылат билбейбиз. Бирок, сөз “Форум” ишканасы менен “Апрель ТВ” телеканалынын мүлктөрүн тартып алуу тууралу болуп жатат”, -деп билдирди Дмитрий Ложников.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ