Menu

ИИМ: 8-августтан 9-августка караган түнү милиция кызматкерлери А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кууп таратышты

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери 8-августтан 9-августка караган түнкү маалда коомдук тартипти бузуп, жолду жаап, жарандарга жана ЖМКнын өкүлдөрүнө тийише баштаган А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кууп таратышты.

Бейбаштыкты жана мародерчулукту алдын алуу үчүн А. Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарын кетирүү үчүн атайын каражаттар колдонулду.
Азыркы учурда Бишкек шаарында абалды турукташсыздырууга аракет кылышкан уюштуруучуларды тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте иштеп жатышат, коомдук тартипти жана шаардын жашоочулары менен конокторунун коопсуздугун сактоону камсыздашууда. Шаарда абал милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: