Menu

ИИМ: 7-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Атамбаевдин тарапташтары суракка алынууда

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Кече сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн А. Атамбаевдин тарапташтары суралды, андан сырткары медиа форум акционердик коомунун жана “Апрель тв” телевидениесинин мүлкү камакка алынды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды уюштургандыктары жана барымтага алуу фактыларынын негизинде КСДПнын Штабынын өкүлдөрү А.Кылычов менен А.Жамгырчиев Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: