Бүгүн, 10-августта УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнө келип, анын иниси (бир тууганынын баласы) Нурбек (Эмил) Шаршеновду мажбурлап суракка алып кетишкен. Бул тууралу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.
Нурбек (Эмил деген ат менен да белгилүү) Шаршеновду 7-августтагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар – 6 жоокердин барымтага алынышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап кетишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ