Menu

Өлкөдө туруктуулукту камсыздоого багытталган Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды

Бөлүшүү:

8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия өттү. Кезексиз сессия бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чакырылган. Кезексиз жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сунушу менен 2019-жылдын 5-августунда Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук алтын кениндеги окуя боюнча дагы маалымат берүү күн тартибине киргизилди.

Жыйында Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук алтын кениндеги окуя боюнча КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ал эми 7-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев, КР Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков маалымат беришип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо чаралары боюнча эл өкүлдөрү бир катар сунуш-пикирлерин ортого салышты. Бул багытта КР Өкмөтүнө бир катар тапшырмалар белгиленген Жогорку Кеӊештин токтом долбоору иштелип чыгып, кайрадан талкууга алынды. Токтом долбоорунда Кой-Ташта болуп өткөн окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун иликтөө, өлкөдө дестабилизация кылууга жол бербөө, ага каршы баардык чараларды көрүү, УКМКнын Кой-Таштагы жүргүзгөн иш-чарасына карата А.Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын иш-аракетине укуктук баа берүү жана башка маселелер белгиленген.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев туруктуулукту камсыздоого кесиптештерин дагы жигердүү катышууга чакырып, болуп өткөн окуя боюнча КР Башкы прокурору телеканалдар аркылуу шайлоочуларга кеӊири түшүндүрмө берүүсү керектигин сунуш кылды. Бир катар депутаттар талкууда айтылган сунуштар эске алынгандыгын белгилеп, токтом долбоорун колдоорун билдиришти.

Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин токтом долбоору добушка коюлуп, кабыл алынды.

Депутат Өмүрбек Бакировдун сунушу менен Жогорку Кеӊештин бүгүнкү кезексиз сессиясы Коомдук телеканалдан көрсөтүлмөй болду.

Соӊунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кезексиз сессиясы жабылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: