Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таштагы Атамбаевди коргоо боюнча “Элдик штабдын” начальниги Кыяз Смаиловду 7-августтагы Кой-Таштагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды барымтага алуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камакка алууга чечим чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кыяз Самиловду милиция 8-августта Кой-Таштагы, 7-августта болгон баш аламандык окуялары боюнча камакка алган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ