Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп жүрсүн!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкек шаарынын эски аянтында Айт намаз учурунда окуду.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу мусулман агайын туугандарым!

Ар бириңиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бүгүн – Кудай Таала  өз пенделерине ыроологон  эң улуу күндөрдүн бири.

Ушул  күнү Жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат.

Дүйнөдө бир дагы майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин,  жаркын максатын бириктире албайт.

Ошондуктан бүгүнкү Курман Айт майрамы –  жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам.

Урматтуу мекендештерим!

Жараткан Кыргызстан элине тынчтык жана ынтымак берсин.

Ар бир үйгө кут, береке, ырыскы толсун.

Тилеген тилектерибиз, асыл максаттарыбыз орундалып, Жараткан бүгүнкү курмандыктарды кабыл кылсын.

Ажылык парзын аткарып жүргөн мекендештерибиздин аруу тилектери кабыл болсун.

Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун!

Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!”

2019-жыл 11-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: