Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Ыйык Курман Айт майрамыңыз менен Сизди улутумдун жана өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктап, учурдан пайдаланып, кадырлуу боордошум, Сизге чын ден-соолукту жана бакытты, дос жана боордош кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, эсендик жана бакубаттуулукту кудрети күчтүү Аллаадан тилеймин», — деп айтылат Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ