Абдил Сегизбаев 7-август күнү ооруканада.
УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев 7-августта Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүндө болуп өткөн баш аламандык фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-августка суракка чакырылды. Бул тууралу ИИМдин башкы тергөө кызматы тастыктады.
Эсиңиздерге сала кетсек, 7-августта Кой-Ташка Атамбаевди суракка алып кетүүгө келген УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жоокерлерин Атамбаевдин тарапкерлери сабап, атып каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада бир жоокер өлүп, бир нечеси оор жаракат алып, 6 жоокер барымтага алынган.
Ал күнү, 7-августта Атамбаевдин тарапкерлеринин арасында болгон УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев жаракат менен ооруканага жеткирилген. Айрым маалыматтар боюнча ал жамбашына желим ок жеген.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ