Menu

Баян Жумагулова, журналист: “Эй кыргыз! Уурдаса, жесе да, түндүктүк жесин деген маңкурттук принциптерден арылып, кыргыздын кызыкчылыгын жогору тутканды качан үйрөнөбүз?”

Бөлүшүү:

Регионалдык деңгээлден жогору көтөрүлүп, улуттук деңгээлде ой жүгүрткөн жарандарыбыз да бар экенине кубануу гана керек: 

“Кечээ курбуларым менен чай ичтим. Баары эле АШАга боору ооруп, сыздап жатышыптыр!

“Анан кантебиз, жаныбыз ачып жатат, анткени түндүктүк да” дешет! Билимдүү–илимдүү кишилердин акылы менен ой жүгүртүүсүнүн пастыгына таң калып, жакамды кармандым!

“Ай мунун жеген-ичкенин, талпагыбызды ташка жайганын көрбөй турасыңарбы?”- десем. “Башкалар эмне уурдабай атыптырбы, Оштуктар деле жеп жатышпайбы, Маатырайымдар баш болуп, АША орус менен мамилебизди оңдоду, газ менен камсыз кылды”, – деп макташат.

Эй кыргыз! Уурдаса, жесе да, түндүктүк жесин, урса, өлтүрсө да орус өлтүрсүн, деген маңкурттук принциптерден арылып, кыргыздын кызыкчылыгын жогору тутканды качан үйрөнөбүз? Качан акылыбызга келебиз кыргыз! Мен үчүн кыргыздын ырыскысына кол салган , кыргыз мамлекетинин эгемендигине шек келтирген любой адам – душман! Түндүк-түштүк деп бөлүнүп олтурсак, кыргыз өзбек менен казак, орус, кытайдын тыткынында калып, жок болобуз! Акылыңа кел!

Кимдин ким экенин, кыргызды кайраштырып, Атамбаевге жамынып алып, жиктегендерди Фейсбуктан эле аныктаса болот. Түндүк-түштүк жикчилдерди жоопко тартыш керек! Атамбаевди кармоо түндүк-түштүк тиреши эмес, жалпы кыргыздын ырыскысына кол салган адамды жоопко тартуунун мыйзамдуу чарасы!

Баян Жумагулова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: