Menu

520 миң доллар пара үчүн айыпталган Жусубалиевдин ишинде экс-министр Калилов таза чыкты. Демек, Жамшитбек мырза жөн жерден эле садага чабылып кеткенби?

Бөлүшүү:

Баарыбызга маалым болгондой былтыр, тактап айтканда 2018-жылдын 6-декабрь күнү Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерден уткан чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн ири өлчөмдө, 520 миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Бул иште министрдин катышы бар деген негизде Жамшитбек Калиловду дагы кетүүгө аргасыз кылышкан. Өткөн шейшемби, 30-июль күнү соттун өкүмү чыгып А.Жусубалиев 14 жылга эркинен ажырады. Ал эми экс-министрдин кыпындай дагы тиешеси жоктугун тергөө менен соттук иликтөө ачыкка чыгарыптыр. Окуя төмөндөгүдөй өңүттө болгон.

Ырааты менен айтсак, 2017-жылы июль айында «Кошулган жолдор, 1 жана ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан аймагы (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары)» долбоору боюнча 69,7 чакырым жол куруу үчүн тендер жарыяланган. Ага 6 компания катышып, Азимкан Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Жыйынтыгында, эң аз сумма сунуштаган (38 миллион 951 миң доллар) азербайжандык «Аzvirt Limited Liability Соmраnу» ишканасы жеңип чыккан, бирок кийинчерээк ал ишкана келишимге кол койгон эмес. Буга байланыштуу 2018-жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык «Тodini Costruzioni Gеnerali Соmраnу» ишканасы менен келишим түзүлгөн. Аталган объект Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Нарын облусундагы Жумгал районунда жайгашкан бөлүгү.

Пара берүү планын «Тodini Costruzioni Gеnerali Соmраnу» (Тоdini) ишканасынын Алматыдагы филиалынын коммерциялык директору, Тажикстандын жараны Бехруз Гулрузов түзгөн. Ал тендерди «такымга» басуунун амалын издеп Кыргызстандагы чиновниктер менен ымаласы жакшы казакстандык Т.Ж. аттуу таанышына кайрылат. Ал 2017-жылы күздө той өтүп жаткан Бишкектеги ресторанда досу Болот Токтобаев менен сүйлөшүп, «жардам» тууралуу убадалашат. Ошону менен бирге тендердик комиссиянын төрагасы, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тууганы экенин айткан. Андан кийин экөө ортомчулук кызматты аткарып турушкан.

Эки ортомчу Гулрузов менен Жусубалиевди Бишкектеги кафеден жолуктурушкан. Анда аткаминер Тоdini компаниясын сүрөгөнгө макул болуп, акысына 500 миң доллар сураган. Гулрузов аталган долбоорду колго алууга аябай ынтызар болгондуктан пара берүүдөн баш тарткан эмес. Кийинки жолугушуулар мончодо жана Жусубалиевдин үйүнүн жанында болгон. Анда маселе толук макулдашылып, бардык тараптар канааттанган чечим кабыл алынган. Маселен, компаниянын ортомчусу Т.Ж. күйүүчү май ташуу менен алектенгендиктен «Тоdini» жол куруп калса техникалар үчүн күйүүчү майды ага ташытмак. Анын да кызыкчылыгы камтылган.

Аткаминердин тууганы Болот Токтобаев кызматына акчалай сыйлык алып турган. Белгилей кетсек, бул иш боюнча арызды УКМКга ортомчулардын бири жазган. Токтобаев К.Ж. аттуу жакын таанышы экөө иш жүргүзгөн. Ал пара берчү адамдар менен маал-маалы менен сүйлөшүп, жолугушууларды белгилеп турган. 170 миң доллар берилгенден кийин К.Ж. УКМКга коррупциялык ишти кабарлап койгон. Ага чейин ал ортомчулук кызматы үчүн 1000 доллар алган.

Соттук иликтөөдө тендерден утуп чыккан Азербайжандын «Аzvirt Limited Liability Соmраnу» ишканасынын кызматкерлеринен Жусубалиев 20 миң доллар сураганы, эгер ал берилбесе алардын документинен кемчиликтерди таап, бут тосо турганын айтканы ачыкка чыкты. Анын кесепетинен уткан компания министрлик менен келишим түзүүдөн баш тарткан. Шыбага «Тоdini» компаниясына буюргандан кийин жогорудагыдай чоң сумма сүйлөшүлүп, октябрь айында Жусубалиевдин ортомчусу Болот Токтобаев Алматыга барып 20 миң доллар алып келген.

2018-жылдын 24-октябрында биринчи этап «Тоdini» компаниясына 5 миллион доллар которулган.

20-ноябрда компаниянын ортомчусу Т.Ж. Бишкектеги мейманканадан Токтобаевге 100 миң доллар берген. Ал акчаны алысыраак туугандары аркылуу Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга убактылуу сактоого калтырган. Андан соң каражатты 3-декабрга чейин майдалап (50, 20, 10 миң доллар) алып кеткен. 5-декабрда компаниянын ортомчусу ошол эле мейманканадан Токтобаевге 50 миң доллар берип кеткен. Аны Жусубалиевдин үйүнө алып барып берген. Ал жактан чыгары менен эле Токтобаев кармалган. Андан соң Жусубалиев колго түшүрүлгөн. Гулрузов да акчаны бергенден кийин эле кармалган. 50 миң долларды берер алдында далил үчүн УКМКнын кызматкерлери акчанын көчүрмөсүн чыгарып алган.

Азимкан Жусубалиевди кармагандан кийин үйүн тинтишкенде матрацтардын арасынан 680 миң сом (10 миң долларга чукул) чыккан. Бул каражат башта алган 100 миң доллардын кыргыз сомуна алмаштыргандан кийинкиси экени айтылды. Калган каражатты 15 күндүн ичинде Токтобаев менен Жусубалиев жеке кызыкчылыгына коротууга үлгүргөн. Соттун чечими менен далил катары алынган каражаттар мамлекеттин эсебине которулмай болду. Пара менен кармалган Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Анын ортомчусу Болот Токтобаев 6 жылга кесилди. Ал эми пара берген компаниянын кызматкери Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду.

Көрүнүп тургандай, тергөө органдары менен соттук иликтөөнүн корутундусунда экс-министр Жамшитбек Калиловдун эч кандай катышы жоктугу айгине болгон. Демек, кызматына кайтып келиши керекпи? Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун көздөй жардамчысы Нурбек Жолборсов тендерге байланыштуу 146 миң доллар менен кармалган. Бирок, министр мырза ордунан қозголмок турсун жеме да уккан жок. Брлбосо, пара менен кармалган Жолборсов тээ далай жылдардан бери Мирзахмедовдун жанында ат кошчу болуп, коюн-колтук алышып калганы неме эле. Калыстык үчүн өкмөт саясатты ырааттуу жүргүзбөйбү?

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: