Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан «Термез – Душанбе – Кашгар» багыты боюнча жаңы транспорт коридорун ачууну пландоодо.
Күн мурун бул багыт боюнча тесттик түрдө алты унаадан турган автокербен жолго чыкты. Ар бир өлкөгө экиден машине таандык. Жаңы транспорт коридорунун жалпы узундугу 1422 чакырымды түзөт.
Транспорт коридорунун максаты – Кытай-Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда автомобиль транспорту менен жүк ташууну арттыруу. Мындан тышкары бул каттамды өнүктүрүү менен Өзбекстан товарларын Кытай порттору аркылуу башка өлкөлөргө жеткирүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өзбекстандан Ооганстандын түндүк провинцияларына жүк жеткирүүгө да болот.
Silk Road International өзбек-кытай биргелешкен ишканасы былтыр сентябрь айында «Ташкент – Анжиян – Ош – Иркештам – Кашгар» транспорт коридору аркылуу жүк ташууну жолго койгон.
Быйыл март айында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн транспорттук потенциалын жогорулатуу максатында «жол картасын» бекиткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ