Menu

Гонконгдо он жумадан бери каршылык акциялары өтүүдө

Бөлүшүү:

Гонконгдо ишенби жана жекшемби күндөрү шаардык администрацияны жоопкерчиликке тартуу жана демонстранттарга карата кыйноолорду токтотууну талап кылган митингдер өттү.

Гонконг жашоочулары он жумадан бери бийликтин саяясатына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө.

11-августта полиция демонстранттарды таратыш үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Демонстранттар шаардын өкмөтү жана ири бизнес кеңселери жайгашкан бөлүгүндө жол кыймылын үзгүлтүккө учуратышкан.

Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

Гонконг эч качан көз карандысыз мамлекет болгон эмес. Ар кыл мезгилде ал Кытай, Улуу Британия жана Жапониянын карамагында турган. Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: